"Жиним келгенде кыздарымды урушуп, жиним тарап отуруп калчумун"
Галс методу боюнча атайын үй-бүлөлөр үчүн Ысык-Көлдөгү тренинг аябай жакшы өттү. Бизде чоң өзгөрүүлөр болду. Мен ата-энем менен болгон мамиле, таандык принциптери тууралуу маалымат алдым, оюмду өзгөрттүм.
Жиним келгенде кыздарымды урушуп, кыйкырып, жиним тарап олтуруп калчумун. Азыр бул тренингти кызым менен өткөндүктөн, кызыма туура мамиле кылып, өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк берип, ал менен чогу тынч олтуруп бир ишти чечкенге үйрөндүк. Үйдө баары тынч болуп, уруш болбой калды.
Мен өзүмдү өзгөртүүгө аракет кылып, өзгөрүп жатам. Акчанын кадырын билип, туура мамиле кылып үнөмдөп, абайлап иштетип калдым. Тренинг үчүн, чоң өзгөрүүлөр үчүн Балдарды Коргоо Борборуна чоң рахмат!
Гендердик сезимталдыкты изилдөө (ГАЛС) тренинги тууралуу кайтарым байланыш:
5 ай мурун 14 жашымда жол кырсыгынын айынан апамдан айрылып калдым. Атам алкоголдук ичимдикке берилип кеткендиктен, кичине кезимде эле ата-энем ажырашып кетишкен. Азыркы тапта тайкем, жеңем менен жашайм.
Жакында эле Ысык-Көлгө атайын үй-бүлөлөр үчүн ГАЛС ыкмасы менен өткөрүлгөн тренингке катышып келдик. Мен үчүн ушул 3 күндүк тренинг аябай пайдалуу жана кызыктуу болду. Биздин үй-бүлөбүзгө чоң таасир этти жана чоң өзгөрүүлөр болду.
Мисалы, бул тренингке мен тайкем менен чогу баргам. Тренингтен мен көп нерсени үйрөнө алдым, тайкем менен болгон мамилемди жакшы жакка өзгөртө алдым, жакшы баарлаша баштадык, бирге максаттарга умтула баштадык. Бири-бирибизди жакшы түшүнүп калдык, жинденип бири-бирибизден жинибизди чыгарбай, чогу ойлонуп, чогу иштеп, чогу бир нерсе кылып дос сыяктуу эле болуп калдык.
Ошондой эле бул тренингтин жардамы менен мени таштап кеткен атамды кечире алдым десем болот. Апамды сагынып, ар дайым аны ойлогонума карабастан, алдыга умтулуп, жашоого аракет кылуудамын. Сиздерге чоң рахмат!
"Ысык-Көлдө инсандык өнүгүү боюнча болгон тренинг мен үчүн абдан таасирдүү болду. Себеби ал жактан көп жаңы маалыматтарды, өзүмө керектүү сунуштарды жана көптөгөн жаңы нерселерге үйрөнө алдым! Ушул тренингтердин жардамы аркылуу мен өзүмө ишенип, элдин алдында тартынбай сүйлөгөндү, онлайн коопсуздук жөнүндө керектүү маалыматтарды ала алдым.
Мен буга чейин онлайн коопсуздук жөнүндө эч нерсе билчи эмесмин. Онлайн коопсуздук аркылуу өзүңдү интернет ааламында кандай сакташ керектигин үйрөндүм. Өзүмдө дагы көп өзгөрүүлөр болду десем жанылышпайм. Анткени мурда мага социалдык тармактардан бейтааныш адамдар жазса, аларга жооп берип өзүмдүн жеке маалыматтарымды айта берчүмүн. Ал эми онлайн коопсуздук жөнүндө тренингке катышкандай кийин бейтааныш адамдарга жазып же болбосо алар менен таанышпаш керек экенин түшүндүм".
На пути становления тем, кем я сейчас являюсь, я повстречала много разных людей, и хороших, и плохих. Но каждый из них определенно не просто появился, а может быть и ушёл с моей жизни. Всегда верила, что люди не просто так появляются рядом с тобой - это опыт.
Одними из лучших людей, наставников в моей жизни были мои тренеры (коучи) Центра Защиты Детей @childprotection.kg Я была в далёком 2018 году на рассвете своего раскрытия личности, на определении своей дороги жизни, на выборе своего образа жизни оказались рядом Айнура эже, Нуркыз эже, которые направили и позже отправили в свободное плавание @emirkanova1980 @nurkyz_bektashova .Десятки разных тренингов в городе, вне Бишкека, знакомства с новыми людьми, сотрудничества с организациями, поездка в Узбекистан- этот весь путь я прошла с моими коучами. Я получила багаж знаний, бесценный опыт, стала Лидером, стала личностью благодаря Вам! Хочу выразить огромную благодарность просто за ВСЁ ! Спасибо вам!
“Я счастливчик что мне выпал такой шанс поучаствовать в таком проекте "Девочки в Науке"
Я уверен то что она была полезна всем, для меня я могу уверенно отметить факт того, что она была полезна в том плане, как правильно преподносить информацию уникальной аудитории, про такие темы как : Гендер, Гендерное равенство, Маскулинность, Феминисть, Равноправие, Половое воспитание, Пубертатный период.
К большому сожалению в нашем обществе мало кто говорит, кричит об этих проблемах социума и этот проект самая лучшая возможность стать информированым, и дальше уведомлять своих друзей и распространять знание в своём сообществе!
Лично мои изменения после проекта: я стал уведомленным некоторыми пунктами которые выше были упомянуты, для меня было полезны навыки правильного донесения информации уникальной аудитории!
Также желаю отметить что я встретил многих друзей, своих знакомых с которыми мы подружились во время проекта и до сих пор держим связь, видны колоссальные изменения, так как в начале они были сильно говоря консервативные и относились многим вещам со смущением, сейчас мы можем свободно излагать свои мысли и свою точку зрения, и самое классное то что мы можем проявить инициативу в решении проблемы при возникновении инцидента!
Я благодарен что я принял участие в этом проекте!
Участница проекта "Девочки в науке": Моя жизнь после проекта изменилась в лучшую сторону!
В проект я попала в начале 2021 года. 5 дней мы обучались тренерскому мастерству, STEM образованию и многим другим полезным навыкам. После обучения мы став равными тренерами начали проводить занятия для других учеников.
Благодаря проекту, я научилась правильно налаживать отношения с людьми, очень много узнала про STEM, улучшила ораторские навыки, начала анализировать свои поступки и решения которые я принимаю, начала активно участвовать в других проектах.
Самое главное полученные знания помогли мне определиться с будущей профессией.
Я очень благодарна проекту "Девочки внауке", потому что он мне очень помогает найти себя, свои сильные качества и дает большую мотивацию для дальнейшего развития!
“Түнт, көп сүйлөбөгөн окуучулар ачылып, алар менен байланыш түзгөндү үйрөндүм”
Балдарга карата зомбулукту алдын алуу” боюнча өткөрүлгөн тренинг мен үчүн эң чоң сабак болду. Анткени бир үй-бүлөдө чоңойгон бала коомдо өзүн кандай алып жүрүүсү керек, баланын үй-бүлөдөгү ата-эне үчүн маанилүү инсан экендигин ача билүү, көрсөтүүнү үйрөндүм.
Азыркы учурда үй-бүлө бузулуусу, ата-энелердин ажырашуусу, жалгыз бой энелердин балдарга тарбия берүүсүндө чоң көйгөйлөр пайда болууда. Күндөн күнгө бул көйгөйлөрдүн көбөйүшү коомдо жана үй-бүлөдө зомбулуктун жаралышына шарт түзүүдө.
Өзгөчө мектептерде дистанциондук окуулар убагында бул тренинг абдан пайдалуу болду. Баарыбыз катаал шарттарда иштеп, балдарга жана алардын ата-энелерине оор абалда кантип жардам берээрибизди билбей турган элек.
Вотсап группаларга ата-энелер балдарына жасап жаткан зомбулук тууралуу видеолор келип жатты. Бир четинен онлайн окууга техникалык мүмкүнчүлүктөр жок болсо, экинчи жагынан ата-энелер үйдө окуп жаткан балдарына сабак түшүндүрүп бере албай уруп-согуп, күч колдонуп жатканын көрүп эч нерсе кыла албай отурган элек. Мына ушундай учурларда, негизи эле мектепте, коомдо балдарга карата жасалган зомбулукту кантип алдын алуу керектигин үйрөнүп, өзүбүздүн жумушубузда колдоно баштадык.
Түнт, көп сүйлөбөгөн окуучулар ачылып, алар менен байланыш түзгөндү үйрөндүм. Тренинг менин кесибиме жана жашоомо аябай чоң жардам берди. Бардык алган маалыматты туура колдонуп, мектептерде зомбулукту азайтууга салым кошомун деген үмүттөмүн. Сиздерге ыраазычылык!
“Балдарыма туура эмес жасап жүргөн мамилелеримди азыр эстегим да келбейт”
Менин атым Гүлсүн. Мен сөзүмдүн башында “Балдарды Коргоо Борборунун” жамаатына миң мертебе ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Эгерде жашоомдо бул жамаатка жолукпаганда турмушум жакшы жагына мынчалык өзгөрүү болот беле ким билет. Жолдошум менен ажырашып Бишкекке келдим.
Иштей турган жумушум жок, жашай турган жерим жок бир кичинекей батирде баш калкалап калдым. Мына эми жумуш таптым деп сүйүнүп жаткан учурда артымдан балдарым “апалап”, атасынан качып Бишкекке келишти. Жашоо кыйындай түштү. 4 балам менен батирден батирге көчүп, эптеп күн көрө баштадык. Күн чыккандан караңгы болгончо талаадан жашылча терип акча таап, эптеп тамак ашка жетсе жетип, жетпесе карызга бата баштадым. Жиним келгенде күчүмдү балдарыман чыгарам...
Ошентип бир жыл өтүп, жашоо оор боло баштады. Балдарды дагы мектепке киргизүү керек, каякка алып барам, кимге барам деп турган убакта маала башчы Нүргүл эже келип, балдарыңды мектепке киргизишиң керек деп кеңешин берди жана ушул аймакта Балдарды Коргоо Борборунун күндүзгү бөлүмү бар экенин айтты. Ал жерден балдарым ысык тамак ичип жыргап эле калышты. Тамак эле ичпестен көптөгөн сабактарды окушуп, кыздарым тренер болуп, кыйла өзгөрүү болду. Жашоом жакшы жакка бурулгандай болуп, келечекке күн тийгендей сезилди.
Балдарды Коргоо Борборунун адистери балдар менен гана иш алып барбастан ата-энелер менен да тыгыз иш алып барышат. Ата-энелерге тренингтерди өтүшөт. Ушул тренингтерге катышып жүрүп балага кандай мамиле кылуу керектигин үйрөндүм. Инсандык өнүгүү деген тренинг өзүмдүн инсан катары өсүшүмө чоң таасирин берди. Балдарыма туура эмес жасап жүргөн мамилелеримди азыр эстегим да келбейт. Азыр мен башка адаммын!
“Мен Балдарды коргоо борборунун программаларына катыша электе уялып, элдердин алдында сүйлөй албай, ораторлук чеберчилик эмне экенин билчү эмесмин. Азыр, Балдарды коргоо борборунун тренерлеринен тренерлик чеберчиликке үйрөнгөндөн кийин элдердин алдында бош жана тартынбай сүйлөй алам.
Балдарды коргоо борбору тарабынан уюштурулган стэм лагерге катышып, келечекте кандай кесиптер актуалдуу болоорун билип, программалоого кызыгып, келечекте фронтенд (Frontend) программист болгум келип жатат. Бул үчүн мен англис тилин жакшы билишим керек. Ошондуктан, азыр англис тилин үйрөнүп жатам.
Ошондой эле, лидерлик мектепке катышып, лидер деген ким, лидер кандай болот, лидер болуш үчүн эмнелерди үйрөнүшүм керек экенин билдим. Практика жүзүндө 7-класстан 9-класска чейинки окуучуларга тренинг өттүм. Лидерлик мектепте өзүмө көптөгөн жакшы нерселерди ала алдым, эркин сүйлөөнү, кандай чечимдерди кабыл алууну үйрөндүм”.
Я проживала в ЦЗД в 2000 году. Закончила 9-класс. Потом меня хотели направить в училище, но я не захотела туда. Так, как очень боялась училища. Я думала, что там я начну употреблять алкоголь и сигареты, и мое поведение испортиться. У меня была цель окончить 11 классов и поступить в университет. Поэтому я перешла в другой центр. В Центре Защиты Детей я научилась делать из войлока различные сувениры и очень полюбила кыргызские узоры.
Теперь это моя работы. Хочу поблагодарить Фатиму Сагитовну, Гульмиру Абышевну, Акыл байке, Талаай байке, Татьяну Ивановну, Миру эже что помогли мне в трудной жизненной ситуации. Все работники ЦЗД молодцы! Вы люди с большим сердцем. Желаю вам процветания, сил, здоровья и успехов!