«УЛУЧШЕНИЕ ДОСТУПА ВНУТРЕННИХ МИГРАНТОВ К ГОСУДАРСТВЕННЫМ УСЛУГАМ В УСЛОВИЯХ ПАНДЕМИИ»

ШВЕЙЦАРИЯНЫН ӨНҮГҮҮ ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БАШКАРМАЛЫГЫ АРКЫЛУУ ШВЕЙЦАРИЯНЫН ӨКМӨТҮ ТАРАБЫНАН КАРЖЫЛАНГАН ДОЛБООР 2020-ж.

 

2020-жылдан тарта “Пандемия шартында ички мигранттардын мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу башталды.

Бул долбоор пандемия учурунда жана андан кийин Бишкек жана Ош шаарларына чектеш жайгашкан мыйзамсыз конуштарда жашаган ички мигранттарды колдоого, өзгөчө алардын медициналык жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. 

 

«Мыйзамсыз конуштар маселеси коронавирустук пандемия учурунда өзгөчө курчуду.  Мыйзамсыз конуштардын жашоочулары коронавирус жуктурган жарандардын статистикасына кирбей калат экен.

 

Карантиндик шарттарда мыйзамсыз конуштардын жашоочулары жана алардын үй-бүлөлөрү калктын эң аялуу катмары болуп, бир жагынан жумушсуз, оокатсыз, экинчи жагынан мамлекеттен жардамсыз калгандар болуп чыкты.  Бишкек жана Ош шаарларында мыйзамсыз конуштардагы кырдаалга маани берип, абалды өзгөртүү үчүн «Үй-бүлөнү пландаштыруунун Кыргыз Альянсы» коомдук уюму «Арыш» коомдук уюму, «Балдарды коргоо борбору» коомдук уюму жана «Эдвокаси адам укуктарын коргоо» АНПО менен биргеликте бул долбоорду ишке ашырат».

Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүндө Бишкек шаарындагы 12 жаңы конуштун жана Ош шаарындагы 11 жаңы конуштун 6 миң аялуу жашоочусуна COVID-19 инфекциясын алдын алуу үчүн азык-түлүк пакеттери жана жеке коргонуу, өздүк гигиена каражаттары түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөт.  Саламаттыкты сактоо уюмдары мыйзамсыз конуштардын жашоочуларына медициналык кызмат көрсөтүү механизмдерин карап чыгышат, ошондой эле, үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдардын суицидин алдын алуу жана тобокел тобундагы ички мигранттарга психосоциалдык колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлөт. 

 

Долбоор Швейцария Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, Бишкек жана Ош шаарларында «KAПС» коомдук бирикмесинин «Арыш» коомдук уюму, Бишкек шаарындагы «Балдарды коргоо борбору» коомдук уюму менен өнөктөштүктө ишке ашмакчы.